Даткайым Аскарова жасалма интеллект боюнча тренер
Бекер гайд

Кыргызстанда жасалма интеллект боюнча практикалык окутуу

Кайталанган иштерди машина жасасын. Мен үйрөтөм.

Мен Даткайым Аскарова. Кыргызстанда жасалма интеллектти иш жүзүндө колдонууну кыргызча үйрөтөм — ишкерлерге, жетекчилерге жана мугалимдерге.

ЖИ менен 7 күндө: ишкер үчүн 10 команда

Даяр 10 команда — көчүрүп, ЖИге жазсаңыз эле иштейт.

    Номериңизди эч кимге бербейбиз жана жарнак жиберип тажатпайбыз.

    • Жогорку Кеңештин ыраазычылык каттары
    • Улуттук информатика окуу китебинин координатору
    • 7 облус · 1000+ окуучу
    • КИАА негиздөөчүлөрүнүн бири
    Даткайым Аскарова тренингде сүйлөп жатат

    Иштешкен уюмдар жана мекемелер

    • КИАА — Ассоциация женщин-предпринимателей Кыргызстана
    • Академия финансов при Министерстве финансов КР
    • Accelerate Prosperity — тренер по ИИ
    • Бизнес-ассоциация JIA
    • ОО «Арыш»
    • araket Swiss Project
    • Чүй-Токмокский отдел образования
    • TES — Training & Extension System
    • Enactus Kyrgyzstan
    • Forum Kurak

    Окуган жана сертификат алган жерлерим

    • AUCI
    • BPN — Business Professionals Network
    • Konrad-Adenauer-Stiftung
    • Институт современных информационных технологий в образовании
    • КНУ им. Ж. Баласагына
    • Кыргызско-Турецкий университет «Манас»

    Ошондой эле: Жогорку Кеңеш · «Окуу китеби» басма үйү

    Даткайым Аскарова окуучулары менен

    Таанышып алалы

    Мен Даткайым Аскаровамын. Акыркы жылдары 1000ден ашык адамды жасалма интеллект менен иштөөгө үйрөттүм: ишкерлерди, мугалимдерди, мамлекеттик кызматкерлерди жана студенттерди.

    Тренингдерим Кыргызстандын 7 облусунда өттү. Мен Билим берүү министрлигинин «Окуу китеби» басма үйүндө информатика боюнча координатормун жана КИААнын негиздөөчүлөрүнүн биримин.

    Мен сиздин ордуңузга иштеп бербейм. Мен сизди жана командаңызды өз ишиңизде ЖИни колдонууга үйрөтөм — эне тилиңизде, түшүнүктүү мисалдар менен. Ошондо натыйжа сиздин колуңузда калат.

    1000+ окуткан адам
    7 облуста тренинг
    1 облуста тренинг
    4 бала — жана күн сайын ЖИ менен иш

    Бул сизге тааныш

    • Кардарларга WhatsApp-та жооп берүүгө күнүнө 2 саат кетет.
    • Прайс, накладная, эсеп — баары кол менен, кайра-кайра.
    • Социалдык тармакка текст жазууга отурасыз да, бир саат жоголот.
    • ЖИ жөнүндө уктум, бирок кайдан баштоону билбейм.
    • Курстардын баары орусча же англисче — түшүнүү кыйын.
    • Жаштар ЖИни колдонуп жатат, мен артта калып баратам деп корком.

    Мунун баары ЖИ менен чечилет. Мен үйрөтөм.

    Кантип иштешерибизди көрүү

    Ыкма

    Дельта: саат менен өлчөнгөн натыйжа

    Δ = натыйжа − баштапкы чекит. Биз «ЖИни үйрөнүңүз» дебейбиз — сизге жумасына канча саат кайтып келгенин эсептейбиз жана сиздин ставкаңыз боюнча бул канча сом турарын көрсөтөбүз. Киреше менен пайданы убада кылбайбыз.

    1. 1

      Баштапкы өлчөө

      0-күн, 25 мүнөт: күнүмдүк 5 тапшырмаңыз, аларга кеткен убакыт, саатыңыздын ставкасы жана секундомер менен 2 тапшырма. Натыйжасы — «рутинаңыздын баасы» сом менен.

    2. 2

      Биринчи дельта

      3-күнү: тапшырмаларыңыздын бирин ЖИ менен жасайсыз жана убакытты кайра белгилейсиз. Айырма паспортко жазылат.

    3. 3

      30-күндүн дельтасы

      Ошол эле 5 тапшырма жана кайталанган тест. Паспорт көрсөтөт: жумасына канча саат кайтты, анын сомдук баасы жана эмне ишке киргизилди.

    4. 4

      90-күнү текшерүү

      Эмне иштөөнү улантууда — кыска сурамжылоо. Бул сандар кийинки катышуучулар үчүн чыныгы кейстерге айланат.

    Төмөндө өз дельтаңызды болжолдуу эсептеп көрсөңүз болот — бул мастер-класстагы мини-паспорттун жеңил версиясы.

    «AI-КОМАНДА» курсу

    30 күндө өзүңүздүн ЖИ-командаңызды — жардамчыларды жана өзү иштеген агенттерди — чогултуп, натыйжаны саат жана сом менен өлчөйсүз. Бир программа, үч тереңдик.

    25-октябрь · Технопарк, Бишкек · мастер-класс

    «Өз дельтаңызды эсептеңиз»

    Сиздин рутинаңыз канча турат жана бул сааттарды ЖИ менен кантип кайтарса болот. 2,5 саат. Ар бири өзүнүн «рутинасынын баасы», үч иштеген промпт жана формат боюнча чечим менен кетет.

    Кирүү — 500 сом · VIP-катар — 1 500 сом: алдыңкы катарлар, жумушчу дептер, жазуу жана 10 промпт

    WhatsApp
    Онлайн · жазууда

    СТАРТ

    Жеке ишкерлерге, микробизнеске, кызматкерлерге жана региондорго

    Сабактарды өз темпиңизде көрөсүз, тапшырмаларды ботко тапшырасыз, суроолорго куратор жооп берет.

    • 35–45 мүнөттүк 7 сабак жана ботто 7 тапшырма
    • Тренер менен 1 онлайн-талдоо — 90 мүнөт
    • 30 күн чатта куратор
    • Жумушчу дептер жана 50 даяр промпт

    Чыгууда иштейт: «Менин бизнесим» Project, «Катчы» жардамчысы жана 3 агент — эртең мененки бриф, жолугушуу катчысы, жеке насаатчы.

    Башталышы — 4-ноябрь · 4 жума

    Мастер-класстын катышуучуларына 48 саат ичинде — 12 000 сом

    Акча 2-сабакка чейин толук кайтарылат

    WhatsApp
    Офлайн + онлайн · Бишкек

    ИШКЕ КИРГИЗҮҮ ТОБУ

    3–30 кишилик командасы бар ээлерге

    Бир жума аралык менен эки ишемби залда. Ортосунда «Катчыны» чыныгы ишке киргизесиз жана экинчи күнгө дельтанын саны менен келесиз.

    • «Старттагынын» баары
    • 2 ишемби залда, 10:00–16:00
    • «Агенттер фабрикасы» — ар бири дагы 2–3 агент чогултат
    • Тренердин жумасына 2 жолу жазуу жүзүндөгү жооптору жана 30 күн коштоо

    Чыгууда иштейт: 3 жардамчы, 6 агент, 1 автоматташтыруу жана компанияңыздагы ЖИ колдонуу регламенти.

    1-топ: 15 жана 22-ноябрь · 2-топ: 6 жана 13-декабрь · 20 кишиге чейин

    Мастер-класстын катышуучуларына 48 саат ичинде — атайын баа

    Акча 1-ишембиге чейин толук кайтарылат · Төлөм эки бөлүк: 50% жазылууда, 50% 1-ишембиге чейин

    WhatsApp
    Жеке · VIP 4 орун гана

    ЖЕКЕ

    10+ кишилик командасы бар, өзү окууга убактысы жок ээлерге

    Тренер сиздин процесстериңизге ылайык чечимдерди сиз менен бирге чогултат.

    • 2 сааттык аудит
    • Сиздин процесстериңизде 3 сааттан 3 жеке сессия — офисиңизде же онлайн
    • 30 күн тренер менен жеке чат
    • Командаңызга нускамалар жана ээсине отчёт

    Чыгууда иштейт: 3–5 чечим жана 8 агент, бир бөлүгү булутта — компьютер өчүк турганда да иштейт.

    Ноябрь–декабрь

    Акча 1-сессияга чейин толук кайтарылат

    WhatsApp

    Форматты бир мүнөттө тандаңыз

    • Жалгыз же 1–2 жардамчы менен иштейсиз жана өзүңүз баштагыңыз келет → СТАРТ
    • Командаңыз бар жана угуп коюуну эмес, ишке киргизүүнү каалайсыз → ИШКЕ КИРГИЗҮҮ ТОБУ
    • Команда 10 кишиден баштап, чечимдерди тренер менен бирге чогултуу керек → ЖЕКЕ
    • Бөлүмдү же компанияны окутуу керек → корпоративдик формат, төмөндө

    Курс эмнени убада кылбайт

    Кирешенин өсүшүн, «толук автоматташтырууну» жана кызматкерлерди алмаштырууну убада кылбайбыз. Агент даярдайт — адам ырастайт; ЖИ акчага тийбейт; каржылык жана юридикалык чечимдерди адис текшерет. Бир гана нерсени убада кылабыз — саат менен өлчөнгөн дельтаны: 30-күнү жумасына канча саат сизге кайтып келгенин жана бул сиздин ставкаңыз боюнча канча сом турарын өлчөйбүз.

    Төлөм — карта же которуу аркылуу, чек менен. КИАА жана өнөктөш ассоциациялардын мүчөлөрүнө — топко −10%.

    Далил

    Менде бул өзү иштейт

    Курста чогултула турган агенттер — менин өз агенттеримдин рецепттери. Төмөндө алардын чыныгы иши, экрандан алынган.

    Мүмкүнчүлүк аңчысы

    Жума сайын гранттарды, стипендияларды жана акы төлөнүүчү программаларды өзү таап, профилиме дал келишин баалайт жана «мурда билдирилген» журналын жүргүзөт — бир эле нерсени эки жолу алып келбейт.

    Жеке насаатчы

    Мен тандаган темага жеке курс: сабак, тест, күндөлүк жана булактар. Курста ар бир катышуучу ушундай насаатчыны өз көндүмүнө — тилге, экзаменге, сөзгө — чогултат.

    Тартип агенти

    Жүктөөлөр папкасындагы жаңы файлдарды долбоорлор боюнча өзү таратат, белги коёт жана каталогду жаңылайт. Топтун экинчи ишембисинде түз көрсөтүлөт.

    Агент даярдайт — адам ырастайт. Мен да ар бир натыйжаны текшерем.

    Компанияларга

    Командаңызды ЖИ менен иштөөгө үйрөтөм

    Корпоративдик окутуу сиздин компанияңыздын процесстерине ыңгайлаштырылат.

    • Кызматкерлердин убактысы үнөмдөлөт

      Отчёт, кат, презентация, кардарга жооп — сааттар мүнөттөргө айланат.

    • Даяр сценарийлер сиздин процесстер боюнча

      Окутуудан кийин командада эртең эле колдонула турган командалар топтому калат.

    • Түшүнүктүү тилде окутуу

      Кыргызча же орусча — командаңызга кайсынысы ыңгайлуу болсо.

    • Окутуудан кийинки коштоо

      Суроолор чыкса, команда жалгыз калбайт — байланыш сакталат.

    Форматтар

    • Жарым күн — тааныштыруу жана негизги куралдар
    • 1 күн — толук практикум командаңыздын тапшырмалары менен
    • Программа — бир нече модуль, бөлүмдөр боюнча
    Компаниядагы корпоративдик тренинг Компаниядагы корпоративдик тренинг

    Наркы жеке эсептелет — кызматкерлердин санына жана форматка жараша.

    Компания үчүн арыз калтырыңыз

    Бир жумуш күнүнүн ичинде байланышып, форматты жана наркты сүйлөшөбүз.

    Интерактив

    Өз дельтаңызды эсептеңиз

    Эки суроо — жана сиз рутинага жумасына канча саат кетерин жана анын кайсынысын ЖИ кайтара аларын көрөсүз.

    Эсептөөнү көрүү үчүн браузериңизде JavaScript иштеши керек.

    Бул — болжолдуу эсептөө, кепилдик эмес. Так дельтаны курста баштапкы өлчөө жана 30-күндүн өлчөөсү көрсөтөт.

    Бекер

    Даяр командалар

    Ушул командаларды көчүрүп, ЖИге жазсаңыз эле иштейт.

    Кардарлар

    Көп берилүүчү суроолорго жооп топтому

    Сен — [бизнестин түрү] ишканасынын кардар кызматынын адисисиң.
    Төмөндө кардарлар эң көп берген суроолор:
    [суроолорду жазыңыз]
    
    Ар бирине жооп жаз. Шарттар: WhatsApp үчүн, 2–3 сүйлөмдөн ашпасын, кыргызча, сылык бирок кургак эмес. Баа айтылбаса, баа жөнүндө ойдон чыгарба.

    Даяр жооптор — көчүрүп, өзүңүз текшерип жөнөтөсүз.

    Кардарлар

    Узун жазышуунун кыскача мазмуну

    Төмөндө кардар менен болгон жазышуу бар. Үч нерсени чыгарып бер:
    1) кардар эмне каалайт,
    2) ага эмне убада кылынды,
    3) менден кийинки кадам кандай жана качанга чейин.
    
    Кыска тизме түрүндө, ашыкча сөзсүз.
    
    Жазышуу:
    [текстти чаптаңыз]

    Бир караганда түшүнүксүз болгон узун сүйлөшүү — үч сапка.

    Документтер

    Прайс-барак түзүү

    Мен [бизнестин түрү] иштетем. Товарларым жана баалары:
    [тизмени чаптаңыз]
    
    Ушундан кардарга жиберүүгө даяр прайс-барак жаса. Категорияларга бөл, таблица түрүндө бер, аягына «баалар [дата] чейин жарактуу» деп кош. Жаңы товар кошпо, баа өзгөртпө.

    Чачылган тизме — тыкан прайс.

    Документтер

    Эсеп-фактура үлгү боюнча

    Төмөндө менин эсеп-фактурамдын үлгүсү бар:
    [үлгүнү чаптаңыз]
    
    Ошол эле форматта жаңы эсеп түз:
    кардар — [аты], товар — [аты, саны, бирдик баасы], дата — [дата].
    
    Жалпы сумманы эсепте жана арифметиканы кайра текшер.

    Форматты сактайт, арифметиканы өзү текшерет.

    Контент

    Бир жумалык пост планы

    Мен [бизнестин түрү] жүргүзөм, кардарларым — [ким].
    Instagram үчүн бир жумага 5 посттун планын жаса.
    
    Ар бир пост: тема, биринчи сүйлөм (илгич), негизги текст 4–5 сүйлөм, аягында аракетке чакыруу.
    Кыргызча, жөнөкөй тил. Сатуу басымы күчтүү болбосун, эмодзи аз.

    Бир отурумда — жумалык контент.

    Контент

    Сүрөттөгү товарды сатуучу текст

    Бул сүрөттөгү товарды сат: [сүрөттү тиркеңиз].
    
    Үч башка вариантта кыска текст жаз:
    1) пайдасын көрсөткөн,
    2) кыска окуя түрүндө,
    3) суроо менен башталган.
    
    Ар бири 3 сүйлөмдөн ашпасын. Сүрөттө жок нерсени жазба.

    Сүрөттү тиркейсиз — үч даяр текст аласыз.

    Сандар

    Сатуу сандарынан отчёт

    Төмөндө айлык сатуу маалыматым:
    [сандарды чаптаңыз]
    
    Жөнөкөй отчёт жаса:
    1) жалпы киреше,
    2) эң көп сатылган 3 товар,
    3) эң аз сатылган 3 товар,
    4) өткөн ай менен салыштыруу,
    5) эмнеге көңүл бурушум керек — 3 сунуш.
    
    Таблица жана кыска корутунду менен. Сандарды ойдон чыгарба.

    Таблицадан — түшүнүктүү отчёт жана 3 сунуш.

    Сандар

    Коммерциялык сунуш

    Мен [компания] үчүн коммерциялык сунуш жазышым керек.
    Сунуштайм: [кызмат же товар].
    Кардардын көйгөйү: [көйгөй].
    Баасы: [баа].
    
    Бир беттик сунуш жаз: кыскача мазмун, көйгөй, чечим, эмне кирет, баасы, кийинки кадам.
    Расмий, бирок жөнөкөй тилде.

    Бир беттик сунуш — бир сурамда.

    Мугалимдерге

    Сабак планы

    Мен [класс] класста [предмет] сабагын өтөм. Тема: [тема].
    
    45 мүнөттүк сабактын планын жаса:
    максат, керектүү материалдар, сабактын этаптары убакыты менен, окуучуларга 3 суроо, үй тапшырма.
    
    Кыргызча, окуучулардын жашына ылайык тил менен.

    Даярдануу 3 сааттан 20 мүнөткө түшөт.

    Мугалимдерге

    Тест түзүү

    Тема боюнча 10 суроодон турган тест түз: [тема], [класс] класс.
    
    Ар бир суроодо 4 жооп варианты болсун. Суроолор оңойдон татаалга карай жайгашсын.
    Жооптордун ачкычын өзүнчө, эң аягында бер.

    Тест жана ачкыч — эки мүнөттө.

    Котормо

    Үч тилге котормо

    Төмөнкү текстти кыргызчадан орусчага жана англисчеге которуп бер.
    
    Котормо сөзмө-сөз эмес, табигый болсун — ар бир тилде ошол тилде жазылгандай угулушу керек.
    Аталыштарды жана сандарды өзгөртпө.
    
    Текст:
    [текстти чаптаңыз]

    Үч тилдеги материал — котормочу издебей.

    Котормо

    Расмий катты жөнөкөйлөтүү

    Төмөндө расмий кат бар. Аны эки версияда кайра жаз:
    1) кыргызча жөнөкөй тилде — ар бир адам түшүнгүдөй,
    2) орусча расмий стилде.
    
    Маанисин, мөөнөттөрдү жана сандарды өзгөртпө.
    
    Кат:
    [катты чаптаңыз]

    Түшүнүксүз кат — эки тилде, түшүнүктүү.

    Бул командаларды өз ишиңизге ыңгайлаштырууну үйрөнгүңүз келсе Багыттарды көрүү

    Таануу жана сыйлыктар

    Иштин сапатын мен эмес, документтер айтып турат.

    • 2024

      Награда

      Организация

    • 2024

      Награда

      Организация

    • 2024

      Награда

      Организация

    • 2024

      Награда

      Организация

    • 2024

      Награда

      Организация

    • 2024

      Награда

      Организация

    • 2024

      Награда

      Организация

    • 2024

      Награда

      Организация

    Документтер

    Ар бир документти басып, чоңойтуп көрө аласыз.

    Иш жүзүндө

    Кайда болдум, кимге окуттум

    Тур Кыргызстандын облустары боюнча улантылууда.

    • 0 катышуучу

      Жер

      Сүрөттөмө

    • 0 катышуучу

      Жер

      Сүрөттөмө

    • 0 катышуучу

      Жер

      Сүрөттөмө

    • 0 катышуучу

      Жер

      Сүрөттөмө

    • 2025

      Проект

      Описание

      Натыйжа: [НАТЫЙЖАНЫ КОШУУ]

    • 2025

      Проект

      Описание

      Натыйжа: [НАТЫЙЖАНЫ КОШУУ]

    • 2025

      Проект

      Описание

      Натыйжа: [НАТЫЙЖАНЫ КОШУУ]

    Пикирлер

    Окуучуларымдын натыйжалары

    Көңүл буруңуз: бул бөлүмдөгү пикирлер — үлгү.

    Окуучунун сүрөтү

    Айгүл Т.

    Кийим дүкөнүнүн ээси, Ош

    Мурда WhatsApp-тагы суроолорго жооп берип отуруп кечке чейин башка ишке жетишчү эмесмин.

    Натыйжа: күнүнө 2 саат → 20 мүнөт

    Окуучунун сүрөтү

    Нурбек А.

    Курулуш компаниясынын жетекчиси, Бишкек

    Коммерциялык сунуштарды жазуу бир нече күн алчу.

    Натыйжа: 3 күн → 1 күн

    Окуучунун сүрөтү

    Гүлмира С.

    Мугалим, Нарын

    Сабакка даярдануу, тест түзүү, презентация — баары ЖИ менен.

    Натыйжа: даярдануу 3 саат → 40 мүнөт

    Окуучунун сүрөтү

    Эрлан К.

    Логистика, Жалал-Абад

    Накладнойлорду кол менен толтуруп жүрчүмүн.

    Натыйжа: айына 15 саат үнөмдөлдү

    Окуучунун сүрөтү

    Асел М.

    Кондитер, Бишкек

    Instagram-га текст жазуу мен үчүн эң оор иш эле.

    Натыйжа: жумасына 5 саат → 40 мүнөт

    Окуучунун сүрөтү

    Тилек Ж.

    Туристтик агенттик, Каракол

    Тур программаларын үч тилде даярдайбыз.

    Натыйжа: котормо чыгымы 0гө түштү

    Тренингдерден

    Бишкек, Ош, Нарын, Талас, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл — тур улантылууда.

    Көп берилүүчү суроолор

    Биринчи кадамды бүгүн жасаңыз

    Бекер гайдды алыңыз — ичинде бүгүн эле колдоно турган нерсе бар.

    же

    WhatsApp-ка жазуу ыңгайлуураак